Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:33

Мендес: Аскаровдун иши кайра каралат деп үмүттөнөм


"Абакта жаткан укук коргоочу Азимжан Аскаровго карата кылмыш иши кайра каралып чыгаарына үмүттөнөм, - деп билдирди бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолор боюнча баяндамачысы Хуан Мендес. Ал Аскаровду жакшы тааный турганын, кылмышка барбасын айтты. Абактагы кармоо шарты да катаал экендигин билдирди.

Жогорку Сот өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кароону 29-ноябрда улантып, бирок кайра 20-декабрга жылдырган. Райондук, облустук сот күнөөлүү деп тапкан 8 адам учурда Бишкектеги 47-камак жайда отурушат. Аскаров Базар-Коргондо былтыркы улут аралык жаңжал учурунда массалык башаламандык уюштурган, улут аралык кастыкты козуткан, милиция кызматкерин өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүр бою түрмөгө кесилген. Жактоочулар макул болбой Жогорку Соткө көзөмөл арыз менен кайрылышкан. Аскаров өзү айыптарды четке кагып, укук коргоочулар ал күнөөсүз экендигин айтып келишүүдө. (KE/RK/KKs)

XS
SM
MD
LG