Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Ошто Келдибековдун тарапкерлери парламенттин таркашын талап кылышууда


Оштун борбордук аянтында өтүп жаткан Ахматбек Келдибековдун тарапкерлери Жогорку Кеңештин таркашын талап кылышууда. Буга чейин алар эки талап коюп келишкен - Келдибековду каралоону токтотуу жана аны күнөөлөп жаткан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин депутаттыктан кетиши.

Кабарчыбыздын маалымдашынча, учурда митингчилердин саны бир жарым миңдей адам. Алар Ахматбек Келдибековдун келишин күтүп жатышат. Аны менен кошо парламенттеги дагы башка депутаттардын, анын арасында Марат Султановдун келиши ыктымалдуулугу айтылууда.

Митинг тынч өтүп жатканын кабарчыбыз маалымдайт. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG