Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Пакистанда медреседен чынжырланган окуучулар бошотулду


Пакистандын түштүгүндө полиция исламдык окуу жайдын жер төлөсүндө чынжырланып, камалган ондогон студенттерди бошотконун билдирүүдө.

Карачинин полициясы кечээ шаардын жака белиндеги медресени тинткенде 45 чакты окуучу табылганын бышыктады.

Карачи полициясынын жетекчиси Малак Алтаф куткарылгандардын арасында жаш балдар да бар экенин кабарчыларга билдирди:

- Ар түрдүү жаштардагы 40-45 бала бар экен, аларды жер төлөдө чынжырлап коюшуптур.

Бир диниятчы камакка алынды, бирок бир нечеси качып кетүүгө үлгүрдү.

Медресенин өкүлдөрү окуучулар же талиптер маңзатына кынык алып алгандыктан, аларды "жакшы мусулманга айландыруу үчүн", чынжырлап койгонун айтышкан.

Айрым окуучулар “бизди кыйнашты, жихадчылыкка машыктырабыз дешкен” деп ырасташууда. Тергөө жүрүп жатат.

Мамлекеттик билим берүү системасы солгун болгон Пакистанда миңдеген медреселер иштейт, алардын айрымдары согушкерлерди даярдап, кээ бирлерин Ооганстанга согушканга жиберет деп айыпталып келет.

XS
SM
MD
LG