Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Украинада демонстранттар полиция менен кагылышты


Абактагы өкмөт башчысы Юлия Тимошенконун колдоочулары бүгүн Киевдеги апелляциялык соттун алдында полиция менен кагылышты. Сот учурда Тимошенконун жети жылдык өкүмгө каршы берген арызын карап жатат.

Тимошенко өзү сотко келген жок. Адвокаттар 11-октябрда чыккан Тимошенко премьер кезинде кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланган деген өкүмдү күчүнөн кетирүүгө аракет кылышмакчы. Соттун алдында Европа Биримдигинин жаңы мүчөлөр жана коңшу өлкөлөр боюнча комиссары Стефан Фүеле Тимошенкого абакта жолукту. Ал өз билдирүүсүндө Тимошенкону «Европа Биримдиги анын сот ишинин акыйкаттыгын талап кылууну улантат» деп ишендиргендигин жазды.

XS
SM
MD
LG