Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:26

Фракциялардын КСДПга койгон шарттары - талкууда


Социал-демократтар фракциясы калган төрт фракциянын коалициялык көпчүлүккө кирүүдөгү шарттары менен таанышууда. КСДП жетекчиси Чыныбай Турсунбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, бардык фракциялар жаңы коалиция боюнча өз сунуш, талаптарын ачыкташты. Талаптардын айланасында талкуулар уланууда. Азырынча эч бир фракция сүйлөшүүлөрдөн четтей элек.

Коалиция түзүү мандаты өткөн бейшемби күнү КСДП фракциясына ыйгарылган. Баш мыйзамга ылайык жаңы коалиция түзүү милдети тапшырылгандан 15 жумушчу күндөн кеч калбай түзүлүшү керек. Бул шарт аткарылбаса президент коалция түзүүнү башка фракцияга ыйгарат. (KKs)

XS
SM
MD
LG