Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:06

Орус тышкы иштер министри Батыштын Сирия боюнча турумун “аморалдуу” деп атады


Сергей Лавровдун айтымында, ультиматумдар Сириядагы кризистин чечилишине жардам бербейт. Ал белгилегендей, Батыш президент Башар Ассаддын өкмөтүнө кысым көргөзүү, ошол эле учурда согушкерлердин кыянатчыл аракеттерине көз жумуу менен Сирия боюнча аморалдуу турумду карманууда.

Орус тышкы иштер министри кошумчалагандай, Москва Дамаскка Араб лигасы уюмунун байкоочуларын мүмкүн болушунча тез кабыл алууга кеңеш берген.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пиллайдын апта башында билдиргенее караганда, Сирияда тогуз айдан бери уланып жаткан жаңжал беш миңден ашун кишинин өмүрүн алды.

Ал БУУнун Коопсуздук кеңешин адамзатка каршы ыктымал кылмыштарды иликтөө үчүн Сириянын маселесин Эл аралык Кылмыш сотуна өткөрүүгө чакырды.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин Сириядагы кан төгүүнү айыптаган жана Батыш өлкөлөрү колдогон резолюциясына Кытай менен Орусия өткөн айда вето салган.

XS
SM
MD
LG