Жалал-Абад шаарында, Сузак жана Базар-Коргон райондорунда убактылуу 6 тосмо бекет коюлду. Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов бул тосмолор оперативдик-профилактикалык иш-чаралардын алкагында орнотулганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, тосмолор күндүзгү саат 7ден кечки саат 7ге чейин турат, түнкүсүн беш ыкчам топ күзөткө чыгат. “Иш-чаранын башкы максаты аймактагы уюшма кылмыш топторго, экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш”, дейт Нурдинов. Кечээтен бери хизбутчу деп шектелген үч адам кармалды, курал жарактар алынды. (EBM)