Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Ирак премьер-министри АКШ ишкерлерин өлкөгө көбүрөөк келүүгө чакырды


Нури ал-Маликинин айтымында, Ирак АКШнын “мыкты компаниялары” өлкөнүн мунайга көз каранды экономикасын кайра тикелеп, диверцификциялоого жардам берет деген ишенимде.

Ал бул тууралуу Вашингтондо, АКШнын Соода палатасындагы жолугушууда айтты жана америкалык ишкерлерди өлкөгө көбүрөөк келүүгө чакырды.

Нури ал-Малики Вашингтондо Эл аралык Валюта корунун башчысы Кристин Лагард менен да жолукту. Лагарддын айтымында, ал Ирак өкмөтүнүн келерки жылга 100 миллиард доллар өлчөмүндөгү бюджеттик сунушун жактырды.

Эл аралык валюта корунун башчысы кошумчалагандай, келерки жылдын бюджетинде чыгымдар быйылкыдан бир азга көбөйгөн. Кристин Лагард Эл аралык Валюта кору Иракта экономикалык өсүш ыкчам кетишине көмөктөшүүгө даяр экендигин да белгиледи.

XS
SM
MD
LG