Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы, издөөдө жүргөн Мурат Суталинов бүгүн апрель окуялары боюнча сотко келди жана айыпталып жаткандар менен кошо тордо отурат. Суталинов сотко өз эрки менен келгенби, же кармап келип отургузулганбы, азырынча расмий маалымат бериле элек.
Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрелинен бери издөөдө жүргөн болчу. Буга чейин экс-президент Курманбек Бакиевдин тушундагы башкы прокурор Нурлан Турсункулов менен мурунку президенттин администрация башчысы Каныбек Жороевдер сотко өз эрки менен келишкен. (EBM)