Бүгүн Бишкектеги “Хаят” мейманканасында Кыргызстанда адам укуктары бою иш алып барган 30даш ашуун бейөкмөт уюм, коомдук фонддордун жарманкеси өттү. Анда алардын адам укугун коргоо жаатында жасалып жаткан иш-аракеттери тааныштырылып, чыгарган маалымдамалары, китептери көрсөтүлдү. Иш-чара 10-декабрь - Адам укугун коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулду жана анын максаты тажрыйба, маалымат алмашуу. Жарманкеге өкмөттүн өклдөрүнөн сырткары айрым элчиликтен коноктор да катышты. (EBM)