Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

УКМКда сабалды делген милициянын жакындары митингге чыкты


Бүгүн Ысык-Көл облустук прокуратурасынын алдына аймактагы ички иштер башкармалыгынын кызматкери Нуракун Эгембердиевдин 20 чакты туугандары митингге чыкты. Кабарчыбыз Мария Колесникованын билдиришинче, Эгембердиевди пара алды деген шек менен 24-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери камакка алган. Андан кийин сурак маалында сабалды деген шек менен ооруканага жаткырылган. Эгембердиевдин жакындары нааразылык акцияга чыгып, прокуратуранын алдында боз үй тигип, сабалды деген факт боюнча кылмыш иш козгоону, Эгембердиевди бошотууну талап кылышууда. УКМК бул тууралуу комментарий бере элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG