Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Кучмага каршы айыптоолор негизсиз деп табылды


Украина соту мурдагы президент Леонид Кучмага тагылган айыптарды негизсиз деп тапты. Экс-президентке журналист Георгий Гонгадзенин өлүмүнө байланыштуу дооматтар коюлуп жаткан. Гонгадзени 2000-жылы белгисиз бирөөлөр уурдап кетип, кийин анын башсыз сөөгү Киевдин четиндеги токойдон табылган. Журналист Украинаны 1994-2005-жылдары башкарып турган Кучманын катуу сынчыларынан болчу. Анын табышмактуу өлүмү Украинанын жаңы тарыхында эң чуулгандуу иштердин бирине айланган. Быйыл мартта башкы прокуратура журналисттин киши колдуу болушуна тиешеси бар деген шек менен мурдагы мамлекет башчыга каршы кылмыш ишин козгогон. Сот Кучма Гонгадзени өлтүрүү буйругун берип жатканы жазылган делинген үн тасма мыйзамсыз жол менен алынган, андыктан далил катары каралбайт деп чечти.

Кучма өзүнө тагылган айыптоолорду четке кагып келди. Маркумдун жесири Мирослава Гонгадзенин кызыкчылыктарын коргогон адвокат Валентина Теличенко апелляция берерин айтты.

Журналисттин өлүмү боюнча күнөөлөнгөн милициянын эки кызматкери жазасын өтөп жатышат, үчүнсүсүнүн үстүнөн сот уланууда.

XS
SM
MD
LG