Тунисте жаңы өкмөт куруу тапшырмасы байистүү исламчыл партиясынын жетекчилеринин бири Хамад Жебалиге берилди. Аталган партия октябрдагы жалпы шайлоодо уткан. 62 жаштагы Жебали мурдагы президент Бен Алинин тушунда 15 жыл абакта отурган. “Эннахда” партиясына 217 орунду парламентте 89 мандат тийген. Былтыр декабарда Тунисте башталган элдик толкундоолордун натыйжасында Бен Али башка өлкөгө качууга аргасыз болуп, ал окуялар Араб дүйнөсүндөгү революцияларга түрткү берген.