Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Белгия полициясы кечээки кол салууну терроризм менен байланыштырбайт


Белгия полициясы кечээ Льеж шаарында бир нече кишини атып кеткен адамдын үйүнөн бир аялдын сөөгүн тапты. 33 жаштагы Нордин Амрани шейшембиде түш чакта шаардын борборундагы аянтта бир нече граната жардырып, туш келди ата баштаган. Натыйжада 4 киши жан таслим болуп, 125 киши жараланган. Полиция кыргын уюштуруунун алдында ал үйүндө аялды өлтүргөн деп болжолдоодо. Амрани кол салуу учурунда өзүн өзү өлтүргөн. Ал буга чейин маңзаттарын жана мыйзамсыз куралды сактагандагы үчүн сот жообуна тартылган. Окуянын себеби белгисиз, полиция анын терроризмге тиешеси жок деп ырастоодо.

XS
SM
MD
LG