Бул тууралуу Кабулдан АКШнын коргоо министри Леон Панетта билдирди. Ал ооган президенти Хамид Карзай менен бирге өткөргөн маалымат жыйыны учурунда белгилегендей, талибанчыл согушкерлердин кол салуулары, башка кыянатчылыктар уланып жатканына карабай, АКШ баштаган күчтөр жана алардын ооган өнөктөштөрү олуттуу жылыш жасоонун үстүндө бара жатат жана өлкөдө кыянатчылыктар деңгээли акыркы беш жылдагы эң төмөнкү чекке түшкөнү көрүнүүдө.
Ооган миссиясы азырынча аяктай электигине токтолгон Леон Панетта АКШ Ооганстандын аймагынан чалгындоо миссияларын улантарын кошумчалады.
Ооганстандын коңшусу Иран жакында АКШнын учкучсуз башкаруудагы аппаратын колго түшүргөн. Буга байланыштуу ооган президенти Хамид Карзай Ооганстан Иран менен абдан достук мамиледе болгусу келерин жана Кабул АКШ менен Иран ортосундагы жаңжалга тартылууну каалабасын белгиледи.
Карзай ошондой эле АКШ жана НАТО менен кызматташтык Ооганстанды жалпысынан стабилдүүлүккө алып келгенин, бирок жеке коопсуздукка келгенде ооган эли өзүн коопсуз сезе албасын кошумчалады.
Кабарларга караганда, азыр Вашингтон менен Кабул өкмөттөрү 2014-жылы чет элдик аскерлер чыгып кеткенден кийин АКШнын Ооганстандагы аскерий турумунун шарттарын аныктоочу өнөктөштүк келишими боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө.