Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурунку төрагасы Мурат Суталиновдун апрель окуялары боюнча сотко келгенине байланыштуу сөз болду. Социал-демократтар фракциясынан депутат Исмаил Исаков эл аралык издөөдө жүргөн Суталиновдун сотто күтүүсүз пайда болгонун УКМК жана анын алдындагы Чек ара кызматыныны катачылыгы деп баалап, аталган күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин кызматтан кетирүүнү талап кылды. Үй камагына чыгарган судья да сынга алынды.
Буга чейин УКМК Суталиновдун чек арадан өткөн-өтпөгөнүн териштире турганын жарыялаган.
Атайын кызматтын мурунку жетекчиси Суталинов апрель окуялары боюнча кечээки соттук териштирүүгө келип камакка алынган. Андан көп өтпөй адвокатынын өтүнүчү менен үй камагына чыгарылган болчу.
Суталинов 2010-жылдын 7-апрелинен бери издөөдө жүргөн жана ага тынч демонстранттарга ок атууга катышы бар, кызмат абалынан кыянат пайдалануу, кызмат ордун таштап кетүү сыяктуу айыптар тагылган. (EBM)