Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Ысык-Көлдө мал уурдоо көбөйдү


Бул туурасында “Азаттыка” облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басары Орозбек Молдосариев билдирди. Анын айтымында, мал уурдоо боюнча өткөн жылы 97 факт катталса, быйыл 11 айдын жыйынтыгы боюнча 115ке жетти. Аймакта мал уурдоо менен алектенген 17 топтун 30 мүчөсү кармалып, 20дан ашык кылмыш иш козголду. Мал уурдоонун басымдуу бөлүгү Түп районунда болду, анткени бул район Казакстандын чек арасына жакын жайгашкан, дейт Молдосариев. Ал кылмыштын бети өз убагында ачууга мүмкүн болбой жатышын мал уурулук боюнча кыргыз-казак милицияларынын бирге кызматташа албай жатканы менен түшүндүрдү. (MK/EBM)

XS
SM
MD
LG