Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Качкан жоокерлер боюнча көз карандысыз иликтөө талап кылынууда


Бүгүн Бишкекте №41069 аскер бөлүктөн качкан 15 жоокердин ата-энелери маалымат жыйын өткөрүп, бул иш боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылышты. Алардын айтымында, аскерде кызмат өтөгөн балдары бир нече жолу уруп-согууга кабылган, бирок аскердик госпитал балдардын сабалганын аныктаган жок.

Коргоо министрлиги бул дооматтарды четке кагып жатат. Аталган министрликтин Куралдуу күчтөрүнүн штаб башчысы Таалайбек Өмүралиев бүгүн маалымат жыйында 15 балага ыдык көрсөткөн деген офицерлер административдик жоопка тартылганын, аталган аскер бөлүк жоюлганын билдирди. Качан жоокерлер боюнча эки кылмыш ишин Аскердик прокуратура тергеп жатканын, анын жыйынтыгына ылайык чаралар көрүлөрүн айтты.

Жоокерлер 8-декабарга караган түнү качып кетип кайра 9-декабрда кайтып келишкен болчу. Алар офицерлерден тынбай ыдык көргөндүктөен ушундай кадамга барганын айтышкан. Коргоо министрлиги тескерсинче келгенине 8 ай болгон бул балдар кийинки чакырылгандарга күн көрсөтпөй, муну жетекчилик билип калгандан кийин качканын айтууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG