Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Ош шаарындагы газ тартыштыгы чечиле элек


Ошто эки жумадан бери көгүлтүр от күндүзү төмөн басым менен берилип, кечке жакын таптакыр токтоп калууда. Бул абалды шаар бийлиги Өзбекстандан газ аз өлчөмдө келип жатканы менен түшүндүрүүдө. Ош мэринин орунбасары Рустам Мирзаматов “Азаттыкка” билдиргендей, эки өлкөнүн ортосундагы келишим боюнча, Ош шаарына саатына 5 миң куб газ берилиши керек болсо, учурда ал 2 жарым миң кубка түшүп калган. “Өзбек тарап магистралдык түтүктө газ аз экенин, суук болгондугуна байланыштуу көгүлтүр от аз басым менен чыгып жатканын айтышууда. Энергетика министринин тапшырмасы менен “Кыргызгаздын” бир өкүлү бул маселени чечүү үчүн Өзбекстанга кетти”,- деди Мирзаматов. (SE)

XS
SM
MD
LG