Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Суталинов камакка алынды


“Чек араны мыйзамсыз кесип өткөн” деген жүйөө менен 7-апрель окуялары боюнча сот жообуна тартылып жаткан УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов камакка алынды. Бул маалыматты анын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев “Азаттыкка” тастыктап, азыр Суталинов Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында экенин белгиледи. Бирок азырынча расмий маалымат бериле элек. Мурат Суталинов мындан эки күн мурда 7-апрель боюнча соттук жараянга келип, сот аны үй камагына чыгарган. Бирок УКМК анын чек арадан өтүп-өтпөгөнүн териштирерин кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG