Парламенттик көпчүлүктү түзүү милдети тапшырылган Социал-демократтар фракцияcы жаңы коалиция түзүлгөнүн бүгүн жарыялашы мүмкүн. Фракция өкүлү, депутат Дамира Ниязалиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн түшкө чукул коалициялык келишимге кол коюлуп, түштөн кийин коалицияга кирген фракциялар чогулуп, жумшак рейтинг жолу менен премьер-министр жана спикерди тандашат.
Азырынча жаңы коалицияга “Республика” жана “Ар-намыс” фракциялары кошулаары анык. Бирок “Ата Мекен” менен “Ата-Журт” фракциялары өз позицияларын бүгүн ачыктаары кабарланууда.
Декабрдын башында жаңы президент ишке киришери менен Социал-демократтар буга чейинки коалициянын курамынан чыгып, парламенттик көпчүлүк чачыраган. (KKs)