Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:08

Түркмөн президентинин талапкерлиги кийинки шайлоого бир добуштан көргөзүлдү


Гурбангулы Бердымухаммедовдун талапкерлиги президенттикке Түркмөнстандагы коомдук уюмдардын дээрлик баары тарабынан көргөзүлүүдө.

Орусиянын ИТАР –ТАСС маалымат агенттиги билдиргендей, Түркмөнстандын катталган жалгыз саясий уюму – Демократиялык партия кечээ Бердумухаммедовду өзүнүн талапкери катары сунуш кылды. Бул сунушту Демократиялык партия менен бирге өткөргөн жыйынынында жаштар жана аялдар союздары, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлер кеңеши да колдоду.

Гурбангулы Бердымухаммедов келерки жылдын 12-февралына белгиленген шайлоодо жеңишке оңой эле жетишери күтүлүүдө. Шайлоого катышуу ниетин азырынча башка эч ким билдире элек.

XS
SM
MD
LG