Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:34

Каддафинин өлүмү аскерий кылмыш болушу мүмкүн


Бул тууралуу Нью-Йоркто БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги кыска маалыматынан кийин кабарчыларга Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокурору Луис Морено-Окампо билдирди. Анын айтымында, Каддафи өлтүрүлгөн жагдайлар бул аскерий кылмыш болгон эмеспи деген шек саноолорду жаратууда.

Луис Морено-Окампо кошумчалагандай, Эл аралык Кылмыш соту Ливиянын Улуттук өткөөл кеңешинин башчысынан өткөөл өкмөт бардык тараптар, анын ичинде козголоңчулар тарабынан жасалуусу мүмкүн болгон аскерий кылмыштарды кандай иликтөө планы бардыгын деталдаштырып берүүнү суранды.

Баш кеңсеси Гаагада жайгашкан Эл аралык кылмыш соту эгер улуттук өкмөтөр каалабаса, же жасай албаса аскерий кылмыштарды иликтөөгө укуктуу.

Муаммар Каддафинин 42 жылдык бийлигине каршы козголоң октябрда анын кармалып, белгисиз жагдайларда мерт болушу менен токтогон.

Күбөлөрдүн маалыматтары, Каддафи козголоңчулар тарабынан кармалгандан кийинки видеолор ал ур-токмокко алынып, кордук жегенин көргөзгөн.

Улуттук Өткөөл кеңештин расмий өкүлдөрү болсо ал атышуу учурунда ок жеп, мерт болгонун билдирген.

XS
SM
MD
LG