Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:33

Бишкекте абактагылардын жакындары митингге чыкты


Бишкекте Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын имаратынын алдында абактагылардын жакындары нааразычылык акциясын өткөрүшүүдө. Имараттын алдына чогулган 50дөн ашык адам аталган кызматтын төрагасы Шейшенбек Байзаковдун чыгып жолугушун талап кылышууда.

Митингге чыккандардын айтымында, акыркы учурда түрмөлөрдөгү абал абдан оорлоп, камактагыларга жолугууга барган туугандарына орой мамиле жасалат.

Абактагы мындай абалга Шейшенбек Байзаковду айыпташып, анын кызматтан кетишин талап кылышаарын митингге чыккандар билдиришүүдө.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Жолдошбек Базарманкуловдун «Азаттыкка» маалымдашынча, митингге чыккандар менен аталган кызматтын төрага орун басары Нурлан Орозалиев чыгып сүйлөштү. Бирок абактагылардын жакындары Шейшенбек Байзаковдун чыгышын талап кылып жатат. Кечээ Бишкектеги №21 тергөө абагынан алдында да ушундай нараазычылык акциясы өткөн эле.

Үч күндөн бери Кыргызстандын 7 абагында соттолуучуларын ачкачылык акциясы уланууда. Ачкачылык жарыялагандар түрмөдөгү кармоо шарттарын жакшыртууну талап кылып жатышат. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы абактагы ачкачылыкты уюшкан кылмыштуу топтордун төбөлдөрү уюштурду деген ишенимде турушат.(BkA)

XS
SM
MD
LG