Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:46

Шашылыш кабар: 14 градуска чейин суук болот


Чукул кырдаалдар министрлиги шашылыш кабар таратып, 18-21-декабрь күндөрү абанын температурасы 14 градуска чейин төмөндөшү ыктымал экенин билдирди. Мындай аба ырайы коммуналдык жана энергетикалык тармактардагы кызматтарга кошумча түйшүк жаратышы мүмкүндүгүн эскертти. Тиешелүү министрликтерге суукка даярдык көрүү боюнча маалымдамаларды жөнөттү.

17-декабрда Кыргызстанда кар дээрлик жаабайт. Көпчүлүк облустарда кээ бир жерлерди туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, ал эми Ысык-Көл ойдуңунда 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8 градус суук.
Талас облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…-9 градус суук.
Баткен облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…+1 градус жылуу.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2 градус жылуу. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5 градус суук.
Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -10…-15 градус суук.

Бишкекте 17-декабрда кар жаабайт. Туман капташы мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -11... -13, күндүз -5... -7 градус суук болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG