Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынан “Реформа үчүн” аттуу блогго бириккен 4 депутат коалициялык көпчүлүккө кошулуп, келишимге кол коюшту. Алар: Хажимурат Коркмазов, Роман Шин, Бахадыр Сулейманов, Элмира Иманалиева. Бул блогду Нариман Түлеев жетектеп жатканы кабарланган, бирок Түлеевдин өзү коалицияга кирген фракциялар жыйынында көрүнгөн жок.
Мындан мурдарак Түлеевдин талапкерлигин айрым депутаттар премьерликке сунушташкан болчу. (EBM)
Мындан мурдарак Түлеевдин талапкерлигин айрым депутаттар премьерликке сунушташкан болчу. (EBM)