Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:57

Жапония: "Фукусима" АЭСтеги кырсыктын кесепети жоюлду


Жапон премьер-министри Есихико Ноду "Фукусима-Дайичи" атомдук станциясындагы кырсыктын кесепеттери толугу менен жоюлганын расмий жарыялады.

Эми станциядагы радиациянын деңгээлин көзөмөлдөй турган жагдай түзүлгөндө иштен чыккан реакторлорду бузуу башталат. 11-мартта Жапонияда болгон зилзала менен топон сууда жабыркаган атомдук станциядагы авариянын кесепеттерин жоюга 9 ай кетти.

"Фукусима" станциясынын айланасындагы эвакуациялык аймактагы экология дагы деле булганган абалда. Бул жердеги айрым шаалардын тургундары бери дегенде 30 жылдан кийин гана мурдагы үй-жайына кайтып келе алаары мүмкүн экендиги айтылууда.

XS
SM
MD
LG