Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:58

Коалиция Жогорку Кеңеш төрагасын тандады


Жогорку Кеңештин төрагалыгы үчүн талапкерлиги көрсөтүлгөн КСДП депутаты Асылбек Жээнбековду коалициялык көпчүлүктөгү 75 депутат колдоду. 8 депутат каршы болду. "Ар-намыс" фракциясы көрсөткөн анын атаандашы Абдрахман Маматалиев талапкерлигин алып салган соң Жээнбековдун талапкерлиги добушка жалгыз коюлган.

Эми коалициялык көпчүлүк тандаган Жээнбековдун талапкерлиги келаткан шаршембидеги парламенттин жалпы жыйынына коюлат.

Бүгүн КСДП, "Республика", "Ата Мекен" жана "Ар-намыс" фракцияларынын ортосунда башкаруучу коалиция куралган. Президент парламенттеги коалиция түзүү милдетин КСДП фракциясына берген. Мурдагы башкруучу коалицияга кирген "Ата-Журт" партиясы бул сапар оппозицияда калды. (SM)

XS
SM
MD
LG