19-декабрда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк бөлүмү, Ош облустук админстрациясы, казият жана Ош мамлекеттик университети биргелешип, аймактагы диний кырдаалды, өзгөчө түрдүүчө диний агымдардын аягы тыйылбай жатканын талкууга алат. Бул тууралуу облустун казысы Ниязалы Арипов “Азаттыка” кабарлады. Анын айтымында, жыйында орто мектептерге Дин таануу сабагын киргизүү демилгеси көтөрүлөт. (JAk)