Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:37

“Ар-намыс” вице-спикерлик орунга Талиеваны көрсөттү


Көпчүлүк коалициядан бөлүнгөн квотага ылайык, “Ар-Намыс” фракциясы Камила Талиеваны вице-спикерлик кызматка сунуштады. Бул тууралуу “Азаттыка” аталган фракциянын депутаты Токон Мамытов кабарлады. Мамытов билдиргендей, мындан ары “Ар-Намыс” фракциясын кайрадан Феликс Кулов башкарат, ал эми бул фракциянын атынан вице-спикерликти аркалап келген Бөдөш Мамырова ордун Талиевага бошотуп берет.

Кечээ КСДП, “Республика”, “Ар-Намыс” жана “Ата Мекен” фракцияларынан көпчүлүк коалиция куралган. Бирок ошол эле күнү “арнамысчы” депутат Бөдөш Мамырова коалицияга кошулууга макул эмес экенин айтып, кол коюудан баш тарткан. (JAk)

XS
SM
MD
LG