Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Министрликтерди кыскартуу боюнча талаш чыгууда


Бүгүн Жогорку Кеңеште жабык жыйын өтүп, анда премьер-министрликке талапкер Өмүрбек Бабанов коалициялык көпчүлүктүн депутаттык жумушчу тобуна өкмөттүн структурасынын жаңы долбоорун сунуштады. Жыйында Бабанов 20 министрликтин санын 15ке кыскартуу идеясын айткандыгын КСДП депутаты Жусубали Исаев “Азаттыка” билдирди. Исаевдин айтымында, узака созулган талаш-тартыштан соң Өмүрбек Бабанов менен депутаттар бир чечимге келишкен жок. Ушул эле маселени караган жыйын келаткан дүйшөмбүдө дагы уланмай болду.

Министрликтердин санын кыскартуу президент Алмазбек Атамбаевдин шайлоо алдындагы программасында бар болчу, ал эми КСДП фракциясы жакында Жогорку Кеңештеги 16 комитеттин саны 11ге кыскартылаарын айтууда. (JAk)

XS
SM
MD
LG