Дагы 400дөй киши дайынсыз жоголууда. Минданао аралында куткаруучулар 97 кишинин сөөгүн табышты. 75 киши Илиган аралында набыт болду. Жума күнү деңизде башталган катуу шамал менен нөшөрлөгөн жаандан улам дарыялар жээктеринен чыгып, жер көчкөн. Армия табигый кырсыктан жабыркаган аймакка 10 миңдей аскерин жана куткаруучуларды жөнөттү.