Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

Ирактан бүгүн акыркы америкалык аскерлер чыгып кетти


Түн ичинде 500дөй жоокерди ташыган 100 чакты техника Кувейт менен чек араны кесип өттү. Ошентип, дээрлик 9 жылга созулган согуш аяктады. АКШ аскерлери Саддам Хусейндин режимин кулатып, массалык кыргын салуучу куралды издөө максатында киргизилген. Саддамдын бийлигине чекит коюлганы менен курал ошол бойдон табылган жок. Ирактагы 500дөн ашуун базага 170тен ашык амеркиалык аскер жайгаштырылган. 2003-жылдын мартында башталган урушта 4 жарым миңге жакын америкалык жоокер жана 100 миңден көп ирактык набыт кетти.

Согуштук бөлүктөр чыгарылгандан кийин өлкөдө бир нече жүз машыктыруучу калат.

XS
SM
MD
LG