Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Израиль бүгүн палестиналык дагы 550 туткунду бошотууга тийиш


Мындай келишим Хамас тобу менен израилдик жоокер Гилад Шалит 5 жылдык туткундан коё берилгенде түзүлгөн. Египеттин арачылыгы менен жетишилген макулдашууга ылайык, буга чейин октябрда 450 туткун эркиндикке чыккан. Алардын көбү кандуу теракттар үчүн өмүр аягына кесилегндер болсо, бул ирет бошотулгандардын катарында адам өлтүрүү үчүн айыпталгандар жок. Израилдин жогорку соту туткундарды азат кылууга каршы чыккандардын арызын четке какты. Шалит 2006-жылдын июнь айында согушкерлер тарабынан кармалып кеткен. Ошондон бери ушул октябрга чейин Палестинанын Хамастын көзөмөлүндөгү бөлүгүндө туткундалып келген.

XS
SM
MD
LG