Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:03

Сабалган сатуучу кыздын маселеси кайрадан көтөрүлүүдө


Бир катар жаштар уюмдары түрк жараны сабады делген Чолпон Орузбаеванын ишин адилет чечип берүүгө чакырышууда. Жаштар уюмунун өкүлү Мавлян Аскарбеков “Азаттыкка” билдиргендей, алар сатуучу кыздын сабалышы боюнча 21-декабрда өтө турган алгачкы соттук жараянда сотторду паракорчулуктан алыс болуп, өлкө бийлигин бул жараянга көз салууга үндөөдө.

Бишкектеги “Бета Сторес” соода борборунда иштеген Чолпон Орузбаева ушул жылдын июнь айында ур-токмокко кабылган. Сатуучу кызды сабады деп ошол эле борбордун кызматкери, түрк жараны Гүнеш Йылмазга айып тагылган. Райондук милиция Йылмазды камакка алыш керек десе, шаардык сот тил кат алып коё берген болчу. Йылмаз ошол бойдон издөөдө жүрүп кыргыз-казак чек арасынан кармалган. 14-октябрда казак полициясы аны кыргызстандык милицияга өткөрүп берген. Бирок Гүнеш Йылмаз өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, күнөөсүз экендигин айтып келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG