Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:44

Президент Алмазбек Атамбаев Москвага барат


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев ЕврАзЭШ, ЖККУ жана КМШнын саммитерине катышуу үчүн бүгүн Орусиянын борбору Москвага учуп кетет. Бул Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматка киришкенден кийинки чет өлкөгө жасаган алгачкы сапары болот. Президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов “Азаттыкка” кабарлагандай, Атамбаев бул сапардын алкагында Орусия баштаган бир катар өлкөлөрдүн башчылары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү.

19-декабрда ЕврАзЭШтин саммити, 20-декабрда Жамааттык коопсуздук келишими уюму менен Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мааракелик бейформал жыйыны болот. Бул саммиттерде Бажы биримдиги, КМШ өлкөлөрүнүн кызматташтыгы өңдүү экономика жана коопсуздук багытындагы маселелер талкууга алынмакчы. Алмазбек Атамбаев 20-декабрда Кыргызстанга кайтып келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG