Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:18

Жекшембиде Сирияда кеминде 20 киши набыт болду

Жекшембиде куралдуу күчтөр менен президент Асадга каршы чыккандар кагылышып, бери дегенде 20 киши өлгөнү кабарланды.

Өлкөнүн түндүгүндөгү эл-Кусейр шаарында армия менен оппозицияга өтүп кеткен мурдагы аскер кызматкерлеринин ортосундагы согушта бери дегенде 6 киши окко учканын укук коргоочулар билдирет. Алардын айтымында, куралдуу кагылыштар Түркия менен чектеш Идлиб провинциясында дагы болду.

Сирияда толкундоолор башталгандан бери 5 миң киши набыт болду. Араб өлкөлөрүнүн лигасы Дамаскга шаршембиге чейин эл аралык байкоочуларды өлкөгө киргизүү талабын койду. Эгер талап аткарылбаса, Лига Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине кайрылат.
XS
SM
MD
LG