Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Дыйкандар козопаяны кол менен сууруп жатат

Ош жана Жалал-Абад облустарындагы пахта талааларында жумуш бүтө элек. Жаанчыл аба ырайынан улам талааларга трактор кирбей, дыйкандар козопаяларын (пахта сөңгөгү) кол менен сууруп жатканын аймактагы кабарчыбыз билдирди.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон, Аксы, Ноокен, Сузак жана Өзгөн райондорунда алакандары жара болгонуна да кайыл дыйкандар эртерээк жерди бошотуп, келерки жылга даярдык көрүү менен алек.

Аталган аймактарда эң эле аз дегени 1 гектардан пахта эккен. (SE)
XS
SM
MD
LG