Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Бишкек: 800дөй кичи автобус ишке чыккан жок


Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов бүгүн эл тейлеген 800дөй жеке менчик кичи автобустар жумушка чыкпай калганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул унаалар кышка толук даяр эмес болчу, катуу суук түшкөндө жүрбөй калды. Өмүркулов мэрияга таандык коомдук унаалар үзгүлтүксүз каттап жатканын айтты.

Бүгүн эртең менен маршруткалардын жоктугунан жүздөгөн адамдар унаага батпай, бара турган жерлеринен кечигип, аялдамаларда чоң кымгууттук жаралды. Бишкекте эртең менен 18 градустай суук болду.

Маалыматка караганда, шаарда 120 каттам бар, анда 2 миндей кичи автобус эл ташыйт. (EBM)

XS
SM
MD
LG