Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:29

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ир дүйнө салды


69 жаштагы Ким Чен Ир дүйшөмбү күнү поездде баратканда жүрөгү токтоп калганын Түндүк Кореянын өкмөттүк телеканалы маалымдады. Ырасмий билдирүүдө маркумдун кенже уулу Ким Чен Ын өлкө лидери болуп калганы белгиленип, элди аны колдоого чакырылат. Ким Чен Ундун жашы 30га чукулдап калган деп боолгонууда. Ким Чен Ир бийликти 1994-жылы атасы көз жумгандан кийин мурастап алган. Маркум менен коштошуу 28-декабрда Пхенянда болот.

XS
SM
MD
LG