Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

Сирия Арап лигасынын байкоочуларын киргизгенге көндү


Мындай протоколго дүйшөмбү күнү Арап Лигасынын Каирдеги баш кеңсесинде кол коюлганын Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллем билдирди. Арап Лигасы Сирия президенти Башар Ассадга каршы тогуз айдан бери жүрүп жаткан козголоңду күч колдонуп басууну токтотууну жана өлкөгө арап өлкөлөрүнүн байкоочуларын киргизүүнү бир нече жумадан бери талап кылып жаткан. Ошондой эле Сириянын мүчөлүгүн убактылуу токтотуп, Дамаскиге каршы санкция жарыялаган. Байкоочулар миссиясы Дамаскиге 72 саат ичинде жөнөтүлөрү ырасмий түрдө маалымдалды. Сириялык адам укугун коргоочулардын маалымдашынча, бүгүн армиянын огунан дагы алты киши мерт болду.

XS
SM
MD
LG