Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00

НАТО Ооганстанда түнкү рейдди токтотпойт


Ооганстандагы НАТО аскерлери президент Хамид Карзайдын дембе-дем нааразылык билдиргенине карабай, шектүү жайларга түнкүсүн жортуул жасаганды токтотпойт. НАТОнун өкүлү Карстен Якобсондун билдиришинче, түнкү рейддердин дээрлик баарына Ооганстандын атайын күчтөрү катышууда жана аларды операцияга тартуу кескин көбөйдү. Түнкү жортуулдар учурунда шектүү делген адамдарды туткунга алуу, жок кылуу жана аларды ким жетектеш керек деген суроо Ооган өкмөтү менен НАТОнун алакасын курчутууда. Карзай чет элдик аскерлердин оогандардын үйлөрүн тинтүүнү токтотууну талап кылууда. Якобсондун айтышынча, түнкү рейд учурунда 1 проценттен да аз адам жабыркайт жана адам өлүмү болбогон, же жөнсүз ок атылбаган учурлар 85 процентти түзөт.

XS
SM
MD
LG