Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

Бүгүн Азимжан Аскаровдун соту уланат


Бүгүн Жогорку Сотто июнь коогасы боюнча айыпталган укук коргоочу Азимжан Аскаров баштаган сегиз адамдын соттук иши уланат. Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, соңку жараян 29-ноябрга белгиленип, бирок айрым айыпталуучулардын жактоочулары сотко келбегени үчүн бүгүнкүгө жылдырылган. Аскаров баштаган сегиз адам былтыр июнь каргашасында Базар-Коргондо массалык башаламандык уюштуруп, адам өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып жатат. Буга чейин ишти караган райондук жана облустук сот укук коргоочуну өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG