Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

Улуттар Уюму Сирия боюнча резолюция кабыл алды


Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Сирия, Иран жана Түндүк Кореядагы адам укуктарынын бузулушун айыптаган резолюция кабыл алды.
Сирияга каршы резолюцияны 133 мамлекет колдосо, 11 каршы, 43 өлкө калыс добуш берди.

Коопсуздук Кеңеши болсо Сирия боюнча Орусия сунуштаган резолюциянын долбоорун карайт. Долбоордо Сириядагы жаңжалда тараптардын күч колдонуусу айыпталып, өлкөнүн бийлигине бардык шаарлардан армияны алып чыгуу, эл аралык байкоочуларды киргизүү, саясий туткундарды бошотуу жана оппозиция менен сүйлөшүүлөрдү баштоо сунушу бар. Анда Дамаскка каршы жазаналарды колдонуу тууралуу эч нерсе айтылбайт.

Батыш өлкөлөрү президент Асад менен анын өкмөтүнө каршы катаал чаралар камтылган резолюция зарыл деген көз карашта.

БУУнун маалыматында Сирияда толкундоолор башталгандан бери 5 миң бейкүнөө адам көз жумган жана эми бийликтин демонстранттарга күч колдонуусун адамзатка каршы кылмыш катары кароого негиз бар.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG