Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:10

Иракта вице-президент Тарик ал-Хашими камакка алынат


Ирак бийликтери вице-президент Тарик ал-Хашимини антитеррордук мыйзамдар боюнча камакка алууга буйрук чыгарганын батыштык маалымат агенттиктери ирактык коопсуздук кызматынын жашыруун булактарына шилтеме берүү менен кабарлайт.

Дүйшөмбүдө Ирактын Жогорку Соту вице-президентке чет өлкөгө чыгууга тыюу салган.

АКШнын Мамлекеттик депараментинин маалымат катчысы Виктория Нуланд дүйшөмбүдө Вашингтондо мындай деди:

- Биз бардык тараптар менен сүйлөшүп жатабыз. Бул тууралуу өз камтамабызды дагы билдирдик. Ирактагы бардык тараптарды бирге отуруп, сүйлөшүү аркылуу маселени чечүүгө чакырабыз. Бул демократиялык саясий өнүгүүлөр менен мыйзамдуулукту сактоонун эл аралык эрежелерине туура келет.

Коопсуздук кызматынын өкүлү генерал Кассим Атта вице-президенттин 3 жансакчысы террорчулукка шектелип камакка алынганын дүйшөмбүдө билдирген.

Жекшембиде премьер-министр Нури ал-Малики вице-премьер Салех ал-Мутлакты кызматтан кетүүгө чакырган. Ал-Мутлак да ал-Хашеми сыяктуу өкмөттөгү сунниттердин "Ал-Иракия" блогунун мүчөсү.

Ага чейин болсо аталган саясий блок премьер-министр бийликти узурпациялады деген негизде парламенттин ишине байкот жарыялай тургандыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG