ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:04

Ошто мыйзамсыз фейерверк саткандар жазага тартылат

Ош шаарында Жаңы жылга карата сатылчу фейерверктер, жардыргыч оюнчуктар текшериле баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 31-декабрга чейин уланчу текшерүүлөр учурунда жогорудагыдай товарларды саткан лицензиясы жок сатуучуларга административдик жазалар колдонулат. Уруксат кагазы болсо да кооптуулугу жогору, сапатсыз оюнчук-жардыргычтарды саткандардын товарлары сатыктан алынат.

Коогалаңга байланыштуу өткөн жылы Ошто фейерверктер сатыкка чыгарылган эмес. (SE)
​
XS
SM
MD
LG