Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Кара-Сууда мүмкүнчүлүгү чектелгендер өндүрүшкө тартыла баштады


Кара-Суу районунда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар майонез жана кетчуп жасап, сатыкка чыгарыша баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” "Жаңы турмуш – Үмүт" коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндөгү аталган коомдук бирикменин мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо боюнча долбоорун БУУнун өнүктүрүү программасы колдоого алган. Ушул тапта өндүрүшкө мүмкүнчүлүгү чектелген 8 жаш жаран тартылды.

Коомдук бирикменин башчысы Мурадыл Рахманбердиевдин айтымында, Ош шаарындагы эмгекке жарамсыз жарандар үчүн реабилитациялык борбордун курулуш иштери да жүрүп жатат. Андан сырткары, мэриянын жардамы менен мүмкүнчүлүгү чектелген кишилерден куралган "Достук" аттуу музыкалык топ да түзүлөт. (SE)

XS
SM
MD
LG