Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Аксы: Күйгөн мектептин чатыры эки-үч күндө оңдолот


Бул тууралуу Аксы районунун акими Кадыркул Өмүрбеков билдирди. Бүгүн түнкү саат 2де райондун Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Абдрахманов атындагы тогуз жылдык мектептин чатыры күйүп кеткен. Өрт мектептеги мештин морунан чыккан жана райондук өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 3төн 50 мүнөт өткөндө өчүрүлгөн.

"Бирок адам өмүрүнө же мектепке коркунуч келтирилген жок. Бүгүн мектепте окуу кадимкидей улантылды. Кашка-Суу айыл өкмөтү 2-3 күндүн ичинде мектеп чатырын өз күчү менен жаап бермей болду", - деп билдирди район акими Кадыркул Өмүрбеков. (YA)

XS
SM
MD
LG