Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

Садыркуловдун өлүмү боюнча Конгантиев көрсөтмө берип жатат


Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин администрация башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиев көрсөтмө берип жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин орун басары Мелис Турганбаев билдирди. Анын айтымында, Садыркулов киши колдуу болгон түнү Конгантиев Бакиевдин уулу Максим жана иниси Жаныш менен телефондон сүйлөшкөн.

Турганбаевдин айтымында, Садыркуловдун өлүмү боюнча түзүлгөн топ учурда ошол кезде бул ишти тергеп-иликтеген, күч органдарын жетектеген адамдарды суракка алып жатат. Садыркуловдун өлүмү боюнча ондой адам камакка алынды, дагы жетөөнө издөө жарыяланды.

2009-жылы мартта Казакстанга барып, кайтып келаткан Медет Садыркуловдун, айдоочусу Кубат Сулаймановдун жана Стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчиси Сергей Слепченконун күйгөн сөөктөрү Бишкектин тоо этегиндеги Кой-Таш айылына жакын жол боюнан табылган.

ИИМ ушул жылдын сентябрь айында Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иштин бети ачылганын жарыялаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG