Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Беларуста митингдин 30тан ашык катышуучу кармалды


Президент Александр Лукашенконун кайра шайланышына каршы массалык чыгуулардын күч менен таркатылышынын бир жылдыгына келгендердин бир тобун полиция кармап кетти. Минскиде полиция мыйзамсыз демонстрацияга катышкандыгы үчүн 32 киши соттолоорун бидирди.

2010-жылы декабрда Лукашенконун эрежелер бузулган шайлоодо кайра шайланышына нааразы болуп, он миңдеген киши митингге чыкканда, 700дөйү камакка алынган эле. Анын аралыгында, аялдардын Фемен деп аталган укук коргоочу уюму Минскиде белине чейин кийимсиз митингге чыккан үч активисти дайынсыз жоголуп жаткандыгын билдирди.

Жекшембиде АКШ жана Европа Биримдиги Беларус бийликтерин бардык саясий туткундарды бошотууга чакырган.

XS
SM
MD
LG